Шайлоо-2020: Токмоктогу «Энергосбыттын» жетекчиси сабалды

Окуялар тизмеги 08 Мар 2020 13:11
0 ой-пикир

Токмок шаарынын «Энергосбыт» ишканасынын жетекчиси Улан Мукаевдин кайрылуусу боюнча милиция текшерүү иштерин баштады. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлайт.

Жабырлануучунун айтымында, аны Токмок шаарынын мэри Данияр Амангелдиевдин иниси Замир Амангелдиев жана белгисиз бирөөлөр сабап, кызматынан баш тартууга мажбурлаган. Улан Мукаев өмүрүнүн коопсуздугуна байланыштуу арыз жазганын айтат.

Өз кезегинде Данияр Амангелдиев Мукаевдин арызын жалган жалаа жана чагымчылдык деп сыпаттаган.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Улан Мукаев Бишкек шаарынын эки тургунуна карата чара көрүүнү өтүнгөн. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

«Жогоруда көрсөтүлгөн жаран ички иштер кызматына арыз менен кайрылган эмес. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Милиция тарабынан бардык жарандардын өздүгү аныкталган. Сотко чейинки иш улантылууда», — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, буга чейин Токмок шаарынын «Энергосбыт» ишканасынын жетекчиси Улан Мукаев социалдык тармакта видео аркылуу президентке кайрылган. Анда ал шаардагы мыйзамсыз иштерди көзөмөлгө алууну өтүнгөн.

Мукаевдин айтымында, аны саясий партиялардын биринин штабына алып келип, тинтүү жүргүзүп, чөнтөктөрүн аңтарып, уялдук телефонун алып, андан кийин сабап салышкан.

Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо 12-апрелге дайындалган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.