ID-карта менен Казакстанга кирүү чектелди

Окуялар тизмеги 07 Мар 2020 12:45
0 ой-пикир

Кыргыз жарандарына Казакстанга ID-карта менен өтүүгө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, эртең, 8-марттан тартып кыргыз жарандары мамлекеттик чек арадан ID-карта менен өтө алышпайт.

«Казак өкмөтү чек арадан төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк менен да өтүүгө тыюу салды. Дүйнөгө тараган коронавирустан улам 5-мартта казак тарап кыргызстандык жарандарга ID-карта  менен чек арадан өтүүгө тыюу салуу боюнча нота жиберген», — деди Абдрахманов.

Казакстандын өкмөтү мындай чечим коронавируска байланыштуу кырдаал турукташканга чейин деп кабыл алынганын билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.