Депутат Тазабек Икрамов: Ак калпак күнүн бир жума майрамдаш керек

Окуялар тизмеги 05 Мар 2020 12:21
0 ой-пикир

Депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин жыйынында Ак калпак күнүн бир жума майрамдоону сунуштады.

Анын айтымында, ата-бабалардан таберик калган улуттук баалуулугубуз ак калпакты майрам күнү эле эмес, дайым кийип жүрүш керек.

«Ак калпакты бир күнү эле белгилебей, аны Ак калпак аптасы катары жарыяласак жакшы болмок. Ак калпак аптасын мыйзамдаштырып, күндү аптага которуп берсек, бара-бара жаштарды ак калпакты такай кийип жүрүүгө көндүрүп алмакпыз. Мына ушул маселени чогуу ойлонуп көрүшүбүз керек», — дейт эл өкүлү.

Бүгүн, 5-март Кыргызстанда Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү белгиленүүдө. Бул күнү өлкөнүн бардык аймактарында Ак калпакты даңазалаган ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлөт.

Эскерте кетсек, ак калпак күнүн белгилөө идеясы 2011-жылдын февраль айында кинорежиссер Рысбек Жабиров тарабынан коомчулукка сунушталган. Демилге эл тарабынан колдоого алынып, бир нече жылдан бери Кыргызстандын булуң-бурчтарында жана чет өлкөдө жашаган кыргыздар тарабынан белгиленип келе жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.