Бишкекте митингдерди өткөрүүгө тыюу салынды

Окуялар тизмеги 05 Мар 2020 19:07
0 ой-пикир

Бишкектин Биринчи май райондук соту Биринчи май райондук администрациясынын 2020-жылдын 4-мартынан тарта 1-июлга чейин митингдерге чектөө коюу боюнча чечимин мыйзамдуу деп тапты.

Акимчиликтен пикири боюнча, шардык борбордук көчөлөрүндө, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин имараттарынын жанында, аянттарда чогулуштарды өткөрүү борбор калаанын турмуш-тиричилигине кедерги жаратат.

«Практика көрсөткөндөй, көп адам катышкан чогулуштардын уюштуруучулары жана лидерлери анын өтүшүн көзөмөлдөй албайт. Анын жыйынтыгында массалык башаламандыктар орун алып, унаалардын жүрүшүнө тоскоолдуктар болуп, жол тыгындары жаралат», — деп айтылат документте.

Акимчилик митингдерге тыюу салуунун дагы бир себеби катары коронавирус менен байланышкан кырдаал (жана анын жайылуу коркунучу) деп түшүндүрөт.

«Жарандарга эл чогулган жерлерден алыс болуу, эл көп чогулган иш-чараларды өткөрүүнү чектөө сунушталган», — деп айтылат документте.

Бүгүн, 5-март күнү Биринчи май райондук соту акимчиликтин чечимин карап чыгып, аны негиздүү жана мыйзамдуу деп тапкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.