Украинанын өкмөт башчысы алмашты

Окуялар тизмеги 05 Мар 2020 11:22
0 ой-пикир

Украинанын президенти Владимир Зеленский өкмөт башчысын алмаштырды. Кечээ, 4-март күнү Жогорку Рада кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министр Алексей Гончаруктун отставкасын канааттандырды. Ошол эле күнү анын ордуна президент сунуштаган “Слуга народа” партиясынын мүчөсү, вице-премьер Денис Шмыгалдын талапкерлиги жактырылды.

Украинада премьер-министр президент Зеленский өкмөткө олигархтардын таасирин азайтып, коррупцияга бөгөт коюу максатында жаңы, жаш өкмөт курагандан кийин жарым жылга жетпей алмашып отурат.

Эске сала кетсек, Алексей Гончарук 18-январда отставкага кеткендигин жарыялаган.

15-январда «Ютубда» Украинанын премьер-министри, каржы министри жана Улуттук банктын төрагасынын орун басарынын үндөрүнө окшош адамдар Владимир Зеленскийди экономиканы түшүнбөйт деп айыпташкан.

Бул окуядан кийин Гончарук коопчулуктагы шектенүүлөргө чекит коюу үчүн отставкага кетүү чечимин кабыл алганын айткан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.