Унутулгус Улуу Жеңиш. Москвадагы парадка үч кыргызстандык ардагер катышат

Окуялар тизмеги 04 Мар 2020 15:15
0 ой-пикир

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Москва шаарында өтчү парадка үч кыргызстандык ардагер катышат. бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко билдирди.

Анын айтымында, Россия тарап Кыргызстандан барган ардагерлердин жол киресин жана аларды жайгаштыруу, Москва шаарында ардагерлерди коштоп жүрүү жоопкерчилигин өз мойнуна алды.

«Жаш курагы жана саламаттыгын эске алуу менен азырынча үч ардагер барат деп пландап жатабыз. Аларды жакындары коштоп жүрөт. Ардагерлер негизги иш-чарадан тышкары жолугушуу, конференция жана форумдарга катышат», — деди элчи.

2020-жылдын 4-мартына карата маалыматка ылайык, Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 251 ардагери жашайт.

Алардын ичинен:

65 — Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары;

153 — Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары;

15 — Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлерде, геттолордо жана башка мажбурлап кармоо жайларында жашы жетелек кезинде туткун болгон адамдар;

18 — 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейин курчоодо калган Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген жана «Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы менен сыйланган, ошондой эле «Курчоодогу Ленинград тургуну» белгиси менен сыйланган адамдар.

Жогоруда айтылган ар бир ардагерге мамлекет бир жолку төлөнүүчү акчалай жөлөкпул катары 75 миң сомдон бөлүнөт.

Кыргызстан Улуу Жеңишти камсыз кылган, өзүнүн даңктуу инсандары менен дайыма сыймыктанып келет. Фактыга кайрылсак Кыргызстандан 72 Советтер Союзунун Баатыры, 22 “Даңк” орденинин толук кавалери (баатырга барабар) чыккан. Алардын ар биринин эрдиги жөнүндө Улуу Жеңиштин 75 жылдыгынын алдында кеңири жазып, журтка даңазалоо зарылдыгы турат. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.