Баткенде мурдагы соттолгон адамдан курал-жарактар табылды. Сүрөт

Окуялар тизмеги 04 Мар 2020 11:17
0 ой-пикир

Баткенде мурдагы соттолгон адамдан автомат, тапанча, бычак жана кара беткап табылган. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мурдаарак 32 жаштагы С.Н. аттуу жаран жылкы уурдагандыгы үчүн издөөгө алынган, ал эки жолу соттолгон.

“Аны кармоо иш-чараларынын натыйжасында ал шаардын үйлөрүнүн биринен табылган, тинтүү учурунда анын жанынан автомат, тапанча, бычак жана кара беткап табылган”,- деп билдиришти облустук милициядан.

Экспертизалар дайындалып, шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.