Аткезчилик: Баткенде баасы 2,4 млн сомдук кургатылган жемиштер кармалды

Окуялар тизмеги 04 Мар 2020 11:36
0 ой-пикир

Өлкөгө аткезчилик жолу менен ташылып келген баасы 2 406 525 сомдук кургатылган жемиштер кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан “Баткен-Ош-Исфана” унаа жолунда Н.Н. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Вольво” үлгүсүндөгү унаа чиркегичи менен токтотулуп текшерилген.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстан менен чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 21902 кг болгон кургатылган жемиштер табылган. Кармалган товардын жалпы баасы 1 801 725 сомду түзөт.

Ошондой эле, Ош областынын аймагында К.К. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “MAN” үлгүсүндөгү унаа токтотулуп текшерилген.

Унаанын чиркегичин текшерген учурда Кыргызстан менен чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 17260 кг болгон 432 кап кургатылган жемиштер табылган. Кармалган товардын жалпы баасы 604 800 сомду түзөт.

Бул фактылар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.