Быйылкы шайлоолордо эл өзүнүн аң-сезимине революция кылууга тийиш. Мындай пикирди «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасында «Митингден кандай сабак алыш керек?» деген суроого жооп берип жатып билдирди.
«Митингдерден коом, эл сабак алышы керек. Революцияны жасай турган бир гана күн бар, ал — шайлоо. Ошо шайлоодо эл бүгүнкү башаламандыкка алып бараткан саясий күчтөрдүн казанын тескери аңтарып коюшу керек. Эл «мына ушундай арам бийликке да, алардын акчасына да тойдук, биз мамлекет деп, таза инсандарды көтөрөлү, напсибизди тыялы» деген тыянакка келүүгө тийиш. Бирок тилекке каршы, тескерисинче мына ушулар эртең барып акчаны таратканда, элдин баары анын артынан ээрчийт. Эл кандай болсо, ошого жараша бийлик болот» — деди Адахан Мадумаров.
Эске салсак, 2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен митинг өткөн. Митингдин соңунда тараптар кагылышып, милиция митингдин катышуучуларын күч менен таркаткан.
166 адам кармалып, милицияга жеткирилген. Алардын 162си менен тактоо жана аныктоо иш-чаралары жүргүзүлгөн соң коё берилген.
Каныбек Осмоналиев, Сабыр Жапаров, Амангелди Артыков жана башкалар УКМКга алынып келинген. Алар «бийликти басып алууга аракет кылган» деп шектелүүдө.