«ПолитКлиника» сайтынын кеңсеси каракталды

Окуялар тизмеги 03 Мар 2020 14:23
0 ой-пикир

3-мартка караган түнү «ПолитКлиника» онлайн-медиасынын Бишкектин Фрунзе көчөсүндө жайгашкан кеңсесин белгисиз адамдар карактап кетишти. Бул тууралуу «Азаттыкка» «ПолитКлиниканын» башкы редактору Дилбар Алимова билдирди.

Анын айтымында, белгисиз кишилер терезедеги тосмону сындырып, ошол аркылуу киришкен. Алар документтерди, кагаздарды чачып, компьютерлердин биринин хард-дискин чыгарып кетишкен.

Алимова кеңсеге киргендер башка баалуу буюмдарды алышпаганын айтып, «алар ууру эмес, башка максаттагы адамдар болушу мүмкүндүгүн» белгиледи.

Редакция жамааты факт боюнча Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазды. Милиция кызматкерлери кеңсеге келип, тергөө иштерин жүргүзүүдө.

«ПолитКлиника» 2013-жылдан тарта гезит катары чыгып келген. 2017-жылдан кийин онлайн платформага өткөн. (ErN)

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.