Коронавирус: Бишкекте коомдук транспорттор дезинфекцияланууда

Окуялар тизмеги 03 Мар 2020 14:08
0 ой-пикир

Бишкек шаарында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгерлери баардык коомдук транспортторун текшерүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, баардык транспорттук мекемелерге “Сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) жана ошондой эле коронавирустун алдын алуу максатында санитардык-эпидемологиялык иш-чараларды күчөтүү тууралуу тапшырмалар берилген.

Күнүнө 1 миң 700дөн ашуун айдоочу жолго чыгат. Жолго чыгуунун алдында айдоочулардын текшерүү үчүн 29 наркологиялык пунктар иш жүргүзүшүүдө. Ал жерде күнүгө каттамга чыгуунун алдында айдоочулардын дене табы, унаадагы медициналык баштыкчасы жана унаанын санитардык-эпидемиологиялык абалы текшерилип, атайын китепчеге катталат.

Автотранспорттук мекемелерде дезинфекциялоочу каражаттарды жетиштүү санда. Ал эми, ар бир айдоочуга унаалардын ичин дезинфекция жасап, тазалоо иштерин дайыма жүргүзүп туруу тууралуу тапшырмалар берилген.

Коронавирустук инфекциянын алдын алуу максатында 252 семинар, 312 радиолекциялар өткөрүлүп, 7447 эскертмелер таратылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.