«Бир айыл — бир азык» долбоорунун Бренд комитетинин чечими менен Баткен жергесинин жергиликтүү ишкерлер өндүргөн 7 өнүмгө атайын сертификат ыйгарылды. Бул тууралуу Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Баткен бренди колдо токулган килемге, өрүк скрабы, өрүк талканы, килкилдек (холодец), өрүк шербети, нукура таттуу азыктарды жана өрүк токочторду өндүргөн ишканаларга берилди. Эми бул азыктар республикалык бренд таймашка катышат.
«Бир айыл — бир азык» долбоору JIKA уюмунун колдоосу менен уюштурулган. Долбоордун багыты — жергиликтүү ресурстарды пайдалануу менен экологиялык таза азыктарды өндүрүү. Аларды Batken Product аталышы менен өлкөгө жана чет жактарга жайылтуу. Долбоор жергиликтүү өнүмдөрдүн сапатын жогорулатууга, улуттук жана эл аралык талаптарга ылайыктоого, өнүм чыгарылган цехтердин тазалыгын көзөмөлдөөгө колдоо көрсөтөт. Мындан тышкары өндүрүлгөн азыктарды сатууга көмөктөшүп, маркетинг жагынан да жардам берет.