Журналисттин сабалышы: алгачкы сот отуруму 6-мартта өтөт

Окуялар тизмеги 02 Мар 2020 17:47
0 ой-пикир

FactCheck порталынын редактору, журналист Болот Темировго кол салуу боюнча сот ишин Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков карамай болду. Бул туурасында Темиров өзү «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, алгачкы сот отуруму 6-мартка белгиленди. Журналисттин укугун сотто «Адилет» укуктук клиникасынын юристи Тимур Султанов коргомой болуп жатат.

Эскерте кетсек, Болот Темировго Бишкекте 9-январда бирөөлөр кол салып, сабап кетишкен. Өзү бул окуяны кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырып келет. Ал окуяга чейин FactCheck порталында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайынын буюмдары жөнүндөгү иликтөө жарыяланган.

Журналистти сабаган деген шек менен 14-январда Бишкекте төрт киши кармалып, шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган. Аларга «Тоноо» жана «Бейбаштык» беренелери боюнча айып коюлган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.