Токио-2020: Олимпиада оюндары күйөрмандарсыз өтүшү мүмкүн

Аалам, Окуялар тизмеги 02 Мар 2020 15:54
0 ой-пикир

Быйыл Япониянын Токио шаарында өтө турган Жайкы Олимпиада оюндары коронавирустан улам көрүүчүлөрсүз өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен спорт федерацияларынын жетекчилери коронавирустун жайылышына кооптонушууда. Ага байланыштуу, Олимпиада оюндарын телевизор акылуу гана көрсөтүү сунушу айтылууда.

Ошондой эле спорттук иш-чараны Токиодон башка жерге көчүрүү тууралуу да сөздөр айтылып жатат. Бирок Олимпиадага кам көрүү үчүн дээрлик 12 млрд доллар короткон Япония мелдешти өткөрүүдөн баш тартуу тууралуу ою жок.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.