Бишкекте өлкөнүн мыкты спортчуларын аныктаган Sports Awards-2019 аземи болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өттү.
Интернет сурамжылоонун жана эксперттик комиссиянын тандоосу боюнча төмөнкүлөр жеңүүчү аталды:
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында:
— Нурбек Алиев (армрестлинг);
— Гүлзада Калыгул кызы (жеңил атлетика).
Спорттун улуттук түрлөрү боюнча:
— Элдияр Сексенбаев (алыш күрөшү).
Спорттун Олимпиадалык түрлөрү боюнча:
— Улукбек Жолдошбеков (эркин күрөш);
— Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү).
Спорттун Олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча:
— Авазбек Аманбеков (кикбоксинг).
Мыкты улакчы — Манас Ниязов («Достук»).
Мыкты грэпплер – Абдурахман Муртазалиев («Kyrgyzstan Top Team»).
Жыл секириги – Нурадин Рустамбек уулу (бокс).
Жылдын командасы –волейбол боюнча республиканын курамасы.
2019-жылдын мыкты машыктыруучусу болуп Бообек Тотошев (кармашып урушуу) табылды.
Мыкты меценат болуп Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Раимбек Матраимов таанылды.