Тажикстанда парламенттик шайлоо өттү

Окуялар тизмеги 01 Мар 2020 22:16
0 ой-пикир

Бүгүн, 1-мартта Тажикстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Алдын ала маалыматка караганда, шайлоодо 3 млн. 700 миң адам добушун берди. Бул жалпы шайлоочулардын 75 пайызын түзөт.

Шайлоого жети партия катышууда. Арасында оппозициялык маанайдагы Социал-демократиялык партия да бар.

Тажик парламентинин төмөнкү палатасындагы 63 мандат үчүн 238 талапкер ат салышууда. Анын ичинен 65и партиялык тизме менен, калган 173ү бир мандаттуу округдардан катышып жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.