Кыргызстанда пенсионерлердин саны 672,8 миң кишини түзөт

Окуялар тизмеги 29 Фев 2020 11:24
0 ой-пикир

Кыргызстанда пенсия алгандардын саны 672,8 миң кишини түзөт. Бул тууралуу Социалдык фондунан билдиришти.

«2020-жылдын 1-январына карата өлкө боюнча пенсия алгандардын саны 672,8 миң кишини түздү. Алардын ичинен 301,7 миң пенсионер пенсияларын (45%) «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын филиалдары аркылуу, 371,7 миң пенсионер (55%) банк аркылуу алган. 2018-жылга салыштырмалуу пенсионерлердин саны 21,6 миң кишиге арткан», — деп билдиришти Социалдык фонддон.

Социалдык фонддон белгилешкендей, былтыр пенсия жана башка социалдык төлөмдөргө 45 млрд 290,2 млн сом сарпталган. Ал 2018-жылга караганда 2 млрд 864 млн сомго арткан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.