Эркин күрөш боюнча Азия чемпиону Улукбек Жолдошбековду нарындыктар чоң сый урмат менен тосуп алышты. Кечээ балбан кичи мекени Нарынга барганы белгилүү болду.
Маалыматка караганда, чемпионго жергиликтүү ишкер BMW X5 үлгүсүндөгү унаа белек кылган.
Эске сала кетсек, эркин күрөш боюнча Индияда өтүп жаткан Азия биринчилигинде Улукбек Жолдошбеков чемпиондук наамды жеңип алган.
Финалда тажикстандык Мухаммад Икрамовду далысын тийгизип, таза артыкчылык менен уткан.
Жолдошбеков узаган жылы октябрь айында U23, жаштар арасындагы мелдеште дүйнө чемпиону болгон.
Ал эми март айында 23 жашка чейинкилер арасында өткөн Азия чемпионатында дагы алтын медаль тагынган.
Кыргыз балбаны учурда 24 жашта.