27-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бир катар жаңы курулуп жаткан балдар бакчаларынын курулуш иштерин текшерип, жеринде көрүп кайткан.
Курулуп жаткан мектепке чейинки курактагы балдардын мекемелеринде негизги жумуш аяктап, учурда курулуштун сыртын актап, боек берүү менен жашылдандыруу иштери калган.
Калаа башчысы курулушу иштери менен таанышуу учурунда бала бакчалардын эмеректерине көнүл буруп, алардын сапатын сынга алган. Тагыраак айтканда, жаш балдар үчүн жасалган отургучтар алардын ден-соолугуна зыян келтирип, коркунуч туудурушун белгилеген.