Ошто март айында эки балдар бакчасы колдонууга берилет. Сүрөт

Окуялар тизмеги 28 Фев 2020 10:53
0 ой-пикир

Ош шаарында март айынын аягына чейин эки жаңы балдар бакчасы колдонууга берилет. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 27-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бир катар жаңы курулуп жаткан балдар бакчаларынын курулуш иштерин текшерип, жеринде көрүп кайтты.

Алгач «Амир-Тимур» аймагындагы 100 орундуу балдар бакчасынын курулушуна барды. Куруучуларга шаар башчысы курулуштун эң негизги багыты сапатында жана балдарга болгон ыңгайлуулугунда экендигин баса белгилеп, ар бир жасалып жаткан иш кылдаттык менен аткарылышы керектигин билдирген.

«Амир-Тимур» муниципалдык аймактык башкармалыгында курулуп жаткан балдар бакчасында негизги жумуш аяктап, учурда курулуштун сыртын актап, боек берүү менен жашылдандыруу иштери калган.

Ошондой эле шаар башчысы «Юго-Восток» кичи районундагы 120 орундуу балдар бакчасынын курулушун да текшерип, бир катар тапшырмаларды берип кайтты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.