Коронавирус: дарыгерлерге кайрылгандарга Кытай бийлиги акча төлөйт

Аалам, Окуялар тизмеги 28 Фев 2020 11:46
0 ой-пикир

Кытайдын Хубэй провинциясындагы Цяньцзян шаарынын бийлиги өз каалоосу менен медициналык жайларга кайрылып, коронавирус аныкталган адамдарга 10 миң юандан (1 426 долларга жакын) төлөп берүүнү убадалады. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

Калаа бийлиги оорунун белгилери менен дарыгерлерге кайрылып, бирок коронавирус аныкталбаган адамдар миң юандан алышарын билдирди.

Бир миллионго жакын адам жашаган Цяньцзян шаары коронавирус биринчи жолу катталган Ухань шаарынан 150 чакырым алыстыкта жайгашкан. Акыркы маалыматтар боюнча, Цяньцзянда вирус жуктургандардын саны 197ге жетти. Хубэй провинциясында бул илдетти 65 миңге жакын адам жуктуруп, 2 600 киши каза болду.

Буга чейин Кытай бийлиги респиратордук оорунун белгилери менен кайрылган бейтаптар бекер текшерүүдөн өткөрүлөрүн билдирип, бул үчүн жергиликтүү бийликтерге кошумча каражат бөлгөн.

Дүйнө боюнча коронавирусту 80 миң адам жуктуруп, 2 800гө жакын адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.