Бишкекте эл аралык «Обон» музыкалык кароо сынагы өтөт

Окуялар тизмеги 28 Фев 2020 14:36
0 ой-пикир

Эртең, 29-февралда эл аралык «Обон» музыкалык кароо сынагынын расмий салтанаты өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эртең, 29-февралда саат 14:00дө П.Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинде эл аралык «Обон» музыкалык кароо сынагынын расмий салтанаты өтөт. Сынакка Казакстан, Өзбекстан, Түркия мамлекеттеринен жана Кыргызстандын аймактарынан да жаш таланттар катышат. Алар, Ош, Жалла- Абад, Балыкчы шаарлары, Ысык-Көл облусунун Түп району жана Бөкөнбаев айылы, Баткен облусунун Кадамжай району, Жалал-Абад облусунун Токтогул, Ала- Бука району, Ош облусунун Алай району, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Сокулук району жана Бишкек шаарынын № 1,3,4,5,6,7,8 музыкалык мектептеринин өнөрлүү 350гө жакын окуучусу катышат.

Белгилей кетсек, кароо-сынак Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына” карата өткөрүлдү.

Өтүүчү жай: П.Ф. Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектеби , дареги: Москва көчөсү 101.

Сынактын графиги:

1-март 09:00 фортепиано бөлүмү (чоң зал) I тур
1-март 09:00 кыл аспаптар, бөлүмү (кичи зал) I тур
2-март 09:00 үйлөмө аспаптар бөлүмү (чоң зал) I тур
2-март 09:00 улуттук аспаптар бөлүмү (кичи зал) I тур
3-март 09:00 фортепиано бөлүмү (чоң зал) II тур
3-март 09:00 кыл аспаптар бөлүмү (кичи зал) II тур
4-март 09:00 үйлөмө аспаптар бөлүмү (чоң зал) II тур
4-март 09:00 улуттук аспаптар бөлүмү (кичи зал) II тур

Кароо сынактын гала-концерти жана сыйлык тапшыруу аземи 2020-жылдын 5-мартында саат 13:00дө өтөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.