26-февралда Казакстандын Чыгышында Ан-2 үлгүсүндөгү учак кулап, учкучу ооруканага түштү.
Жарандык авиация комитетинин маалыматына караганда борттогу беш кишинин үчөө экипаж мүчөсү, экөө жүргүнчү болгон. Учак түш ченде Өскемен (Усть-Каменогорск) шаарына жакын Прапорщиково айылына кулаган. Бул тууралуу аталган аймактын Өзгөчө кырдаалдар боюнча департаменти кабарлады.
Жергиликтүү Tengrinews сайты аймактын саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчи орунбасары Владимир Лиге таянып, учкуч сынык-жараат бөлүмүнө жаткырылганын, калган төрт жүргүнчүнүн жарааты жеңил болгондуктан үйүнө жиберилгенин кабарлады.
«Орлан 2000» авиакомпаниясына таандык Ан-2 учагы Чыгыш Казакстан облусунун борборунан санитардык тапшырманы аткаруу үчүн учкан. Кырсыкка учактын кыймылдаткычы күйүп кеткени себеп болгон.