Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин 26-февралдагы буйругу менен Дастан Кадыров башка ишке өткөнүнө байланыштуу Экономика министринин орун басарлыгынан бошотулду.
Ушул эле күнү өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен Экономика министринин орун басарлыгына Бекболот Алиев дайындалды.
Буга чейин Бекболот Алиев Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасынын орун басары болуп иштеген. 43 жашта. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.