ЖК коронавирус боюнча өкмөттүн маалыматын угат

Окуялар тизмеги 26 Фев 2020 14:34
0 ой-пикир

Дүйнөнүн үшүн алган жаңы 2019-nCoV коронавирус жөнүндө Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүнкү жыйында маселе көтөрүштү. Депутат Эмил Токтошевдин айтымында Кытайдагы коронавирус эпидемиясына байланыштуу Кыргызстанда алдын алуу кандай иштер жүрүп жатканын Өкмөттөн суроо зарылчылыгы бар.

Ал эми депутат Таабалды Тиллаев маселенин медициналык гана өңүтүнө токтолбостон, экономикалык жагына да көңүл бурууга чакырды.

«Эгер өкмөттү чакырсак, экономикалык жагын да карашыбыз керек. Себеби Кытай менен чек ара жабык турат. Бюджет кандай болуп жатат, салыктар кандай түшүп жатат?» -деди Тиллаев.

Жыйынтыгында, коронавирус эпидемиясына байланыштуу Өкмөт парламентке келип, маалымат бере турган болду.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 26-февралга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлар катталган жок. Өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу.

«158 адам обсервацияда болсо, 408 киши жашаган жери боюнча дарыгерлердин кароосунда турат», — деп билдиришти министрликтен.

Кытайдан тышкары 35 өлкөдө катталган коронавирус дээрлик 78 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 2715 адам каза болду, 30 миңдейи айыгып чыкты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.