Спортчуларга бөлүнгөн акчалар аткаминерлердин чөнтөгүндө калууда

Окуялар тизмеги 26 Фев 2020 10:26
0 ой-пикир

Бишкек шаардык мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан бюджеттик каражаттарды уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган башкармалыктын башчысы «Д.Д.Б.» жооптуу адамдар менен биргеликте спортчуларды машыгууга чыгуусун күбөлөндүргөн фиктивдүү документтерди жасоо жолу менен бюджеттик каражаттарды өздөрүнө системалуу түрдө ыйгарып алып турган. Бирок, ал машыгуулар уюштурулган эмес. Иш жүзүндө аталган кагаз жүзүндөгү машыгууларга бюджеттик каражаттан 3 млн сом сарпталганы аныкталды.

Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.