Бүгүн, 26-февраль күнү Кытайдын Үрүмчү шаарынан Кыргызстанга келген 40 студент 14 күндүк карантинден кийин үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Министрликтен белгилешкендей, алардын абалы канааттандырарлык.
«Алардын баары «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө жайында тиешелүү текшерүүдөн өткөндөн кийин карантинге алынган. Карантин маалында алардан эки ирет анализ алынып, анын жыйынтыктары терс болуп чыккан», — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 40 студент Казакстандын көмөгү менен Үрүмчүдөн Алматыга алынып келип, андан кийин атайын автобустар менен Бишкекке жеткирилген. Алар Бишкекке 13-февралда келишкен.