24-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын карады.
Ишти Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айнура Сатарова карап жатат.
Жыйынтыгында эки саясатчынын үй камагы 25-апрелге чейин узартылды. Кийинки соттук отурум 9-мартка белгиленди.
Текебаев менен Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин куугунтугу катары баалап келишет.