“Мыкты фермер-2020” аттуу сынак жарыяланды. Сынакты өткөрүү боюнча жобо Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2020-жылдын 4- февралындагы № 27-буйругу менен бекитилип жарыяланды. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Жобонун шартына ылайык, учурда райондук мамлекеттик администрацияларда жумушчу топтор түзүлүп жатат. Андан кийин жогорудагы конкурса катышууну каалаган талапкер дыйкан чарбалардын тизмесин каттоо иштери жүргүзүлөт.
Жыл аягында сынактын жеңүүчүлөрү аныкталат.