Бишкекте теракт болот деп бир жумада үч билдирүү түшкөн, -УКМК

Окуялар тизмеги 25 Фев 2020 12:54
0 ой-пикир

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Инстаграмда» «террористтик акт болот» деп жалган маалымат тараткан Чүй облусунун 18 жаштагы Юнузов Р. аттуу тургуну кармалганын маалымдады.

Атайын кызматтын кабары боюнча, 24-февралда «Инстаграмдагы» News.kg баракчасынын постунун алдына _roma7unuzow аттуу колдонуучу «шаардагы универсал дүкөнүндө саат 17:30да террористтик акт болот. Жанкечти даяр, анын ата-энесине 2 млн. АКШ доллары төлөндү» деп жазган. УКМК бул жаранды аныктап, комитеттин Башкы тергөө башкармалыгына алып келди.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин 239-беренесинин 1-бөлүмү («Терроризм актысы менен коркутуу») боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Суракта шектүү өз кылыгына өкүнүп, бейбаштыктан улам пикир жазганын билдирди.

Террористтик акт тууралуу маалымат тастыкталган жок. Учурда тергөө амалдары уланууда.

УКМК терроризмге байланыштуу жалган маалыматтар коомчулукту кооптондуруп, шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратып жатканын, атайын органдарды реалдуу коркунучтар менен күрөштөн алаксытышы ыктымал экенин белгилейт.

Бир жуманын ичинде Бишкекте терроризм жөнүндө жалган маалымат тараткан үчүнчү учур катталды. 

УКМК эскерткендей, террористтик акт жасоо менен коркутуу кылмыш болуп эсептелинет. Террористтик акт жасоо коркунучун келтирген тарап 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.