Түрмөдө олтурган кылмышкер теракт боюнча билдирүү тараткан

Окуялар тизмеги 24 Фев 2020 12:07
0 ой-пикир

Эркинен ажыратылган адам Бишкектин соода борборлорунда теракт болот деп билдирүү тараткан. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 23-февралда болжол менен саат 13:14тө Чүй облустук УКМК башкармалыгынын нөөмөт кызматына өзүн «Саид» деп тааныштырган адам саат 16.00дө Бишкек шаарындагы соода борборлорунда «теракт» болот деген маалымат берген.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренесинин 1-бөлүмү (Терроризм актысын жасайм деп коркутуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө телефон чалган адам Бишкек шаарында 1990-жылы туулган Тагир  Султанбеков аттуу жаран экендиги такталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат бөлүмү билдирди.

Ал 2013-жылы Биринчи май райондук соту тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) жана 167-беренеси (тоноо) боюнча 9 жылга эркинен ажыратылган. 2017-жылы Ысык-Ата соту тарбынан Кылмыш-жаза кодексинин 170- (пара талап кылуу) жана 228-беренелери (терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган кабарлоо) боюнча 11 жылга соттологон. 2017-жылы №3-түзөтүү колониясында отурган учрунда терроризм актысы туралуу телефондон жалган маалымат берген. 2018-жылдын 16-ноябрынан тартып Молдовановка айылындагы №1-түзөтүү колониясында жазасын өтөп жатат.

Султанбеков Тагир сурак учурунда, айып изоляторунда отурганда аталган телефон чалууну мойнуна алып, №1-түзөтүү колониясындагы коркутуулардан улам бул кылмышты жасаганын айткан.

Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.