24-февралдагы расмий маалыматтар боюнча Түштүк Кореяда коронавирустан акыркы суткада дагы үч киши көз жумду, кечээ төрт киши оорудан набыт болгону кабарланып жаткан.
763 киши ооруну жугузган. Бул бир сутка мурдагыга караганда, 161 учурга көп.
Вирустун очогу болгон Кытайда коронавирустун жаңы түрүн 77 миң 150 адам жуктуруп алды.
Маалыматка ылайык, 77 миң адамдын 2592си каза болду. Ал эми 24 миң 734ү айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Кытайдан тышкары 27 өлкөдө коронавирус жугузгандар катталды.