Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын журналисттери үчүн конференция уюштурулду

Окуялар тизмеги 23 Фев 2020 15:22
0 ой-пикир

Өзбекстандын Фергана шаарында Кыргызстандын Баткен, Ош, Тажикстандын Согди жана Өзбекстандын Наманган, Анжиян, Фергана облустарынан журналисттер катышкан «Коом жана жалпыга маалымдоо каражаттары» деп аталган конференция өттү. Бул тууралуу Азаттык Радиосу жазды.

Маалыматка караганда, жыйында медиа каражаттарынын кызматташтыгы, өз ара тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды. Иш-чараны Фергана облусунун жетекчилиги уюштурган.

Жүздөй журналист катышкан жыйынга Өзбекстандын бийлик өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын журналистика факультеттеринен мугалимдер да катышты. Конференцияда чектеш аймакта үч тилдеги маалыматтарды даярдоо, алмашуу маселелери талкууланды.

Өзбекстанда акыркы учурда сөз эркиндигинин жана көз карандысыз медиа каражаттарынын абалы тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле өзбекстандык журналисттер кошуна өлкөлөр менен тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин айтышты.

Мындай жыйындарга Казакстандын, Ооганстандын журналисттерин да чакыруу сунуш кылынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.