Кытай бийлиги дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө коронавирус жугузуп алгандардын саны 76 288ге жеткенин маалымдады.
Бул тууралуу “Tasnim News” агенттиги “Al Jazeera” телеканалына шилтеме берип кабарлады.
Коронавирустун курмандыктарынын санын күн сайын жарыялаган Пекин, бүгүн эртең менен дагы вирустан көз жумгандардын жаңы статистикасын жарыялады.
Кытай бийлиги 21-февралга чейин вирустан көз жумагандардын саны 2345ке жеткенин билдирди. Билдирүүгө караганда, жума күнү эле вируска кабылган 397 жаңы учур катталган. Ал эми бейшемби күнү вирус жугузуп алган 889 учур катталган.
2019-жылдын декабрь айынын аягында Кытайдын Ухань шаарында аныкталган коронавирустун жаңы түрү бул өлкөнүн 30 провинциясынан тышкары дүйнөнүн 24 өлкөсүнө, анын ичинде АКШ, Австралия, Таиланд, Малайзия, Түштүк Корея, Япония, Канада, Швеция, Испания, Франция, Иран жана БАЭге чейин жайылды.