Коронавирус: АКШ Кыргызстанга техникалык жардам берет

Окуялар тизмеги 22 Фев 2020 10:21
0 ой-пикир

АКШ өкмөтүнүн Кыргызстанга коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн техникалык жардам көрсөтүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Жүктүн ичинде коргоочу каражаттар (операциялык маскалар, «N95» атайын маскалары, экзамендик кол каптар, коргоочу халаттар менен көз айнектер, ошондой эле дезинфекциялык каражаттар) бар.

«Тараптар коронавирустун жайылып кетпеши үчүн кызматташтыктын башка түрлөрү боюнча сүйлөшүп, дайыма байланышта болуп турушат», — деп айтылат маалыматта.

Учурда Кыргызстанда вирус жуккан бир дагы учур каттала элек. Кытайдан жалпысынан 58 кыргызстандык кайтып келген. Ошондой эле жүздөгөн киши илдет жуктуруп алган Diamond Princess лайнеринде бир кыргызстандык бар экендиги белгилүү болгон. Ал ден соолугу жакшы экендигин айткан.

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялашкан.

Акыркы маалыматтар боюнча, 76 497 киши COVID-19 коронавирусуна кабылды. Ал эми сакайып кеткендердин саны — 18 440, көз жумгандар — 2 247.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.