Гебреисус: Биз коронавирусту кармап турууга мүмкүн болгон фазадабыз

Окуялар тизмеги 22 Фев 2020 21:26
0 ой-пикир

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коркунучтуу вируска каршы бардык өлкөлөр тез арада мобилизация болбосо, коронавирустун жайылышын токтотууга чама-чаркы жетпей каларын эскертти.

“Биз вирусту кармап турууга мүмкүн болгон фазадабыз. Бирок, күн санап бул мүмкүнчүлүк азайып баратат”, – деди Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебреисус.

21-февралда италиялык 78 жаштагы адам коронавирустан каза тапты. Ал Кытайда чыккан, 2300 кишинин өмүрүн алган бул жугуштуу оорудан алгач ирет көз жумган европалык болуп калды. Италиянын Саламаттык сактоо министрлиги 21-февралда көз жумган карыя Венето аймагында жашаганын билдирди.

“COVID-19” деп аталган вирустун айынан 3300 тургуну бар Венето шаарында санитардык текшерүүлөр башталды. 50 миңге чукул адамды оору чыккан жерге жакын барбоону эскертишти. Италияда дагы 10 кишиден бул вирус табылган.

21-февралда Кытайда 397 кишиге оору жуккан. Жалпы жонунан 76 288 адамда бул вирус табылган, каза болгондордун саны 2 345 миңге жетти. 16-февралда Францияга барган кытайлык 80 жаштагы турист да кайтыш болгон. Түштүк Кореяда 21-февралда 142 кишиден вирус табылды. Жалпы жонунан 346 адам ооруп жатат.

Булак: Азаттык Радиосу

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.