Балдар үчүн мыкты обондордун сынагы жарыяланды

Окуялар тизмеги 22 Фев 2020 16:53
0 ой-пикир

Балдар үчүн мыкты обондордун республикалык сынагы жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сынак аталган министрлик жана КРнын Композиторлор союзу тарабынан “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына» карата жарыяланган.

«Сынак эки номинация менен өтүп, биринчи – жеке аткаруудагы ыр же хор менен ата мекенди, элди, жерди даңктоо жана экинчиси – унутта калып бара жаткан улуттук балдар оюндарын ыр, хор аркалуу жандандырууну көздөө (мисалы: жашынмак, ак чөлмөк, ак терек-көк терек, топ-таш, жоолук таштамай, селкинчек ж.б. региондордогу унутта калып кеткен оюндарды обондуу ырлар аркалуу чагылдыруу) өтөт», — деп маалымдашты министрликтен.

Андан тышкары, сынактын милдети композиторлордун, обончулардын балдар үчүн чыгармаларды жаратуусуна түрткү берүү жана заманбап композитордук ыкмаларды колдонуу менен балдарды уга жана түшүнө билүүгө тарбиялоону көздөйт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.