Орусияда кыргыз жаранын поезд сүзүп кетти

Окуялар тизмеги 21 Фев 2020 19:53
0 ой-пикир

Подмосковьеде жүргүнчү ташыган поезд кыргыз жаранын сүзүп кетти. Бул туурасында орус басылмалары жазышты.

Маалыматка караганда, кырсык 20-февралда саат 18:00 чамасында орун алган. Анда Адлер — Москва багытындагы поезд 24 жаштагы кыргыз жаранын сүзүп кеткен. Жабырлануучу аймактагы медициналык жайга жеткирилген. Бул факты боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымат такталып жатканын билдирди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.