Коронавирус: Кытайда өтчү Олимпиаданын лицензиялык мелдеши Кыргызстанда өтөт

Окуялар тизмеги 21 Фев 2020 13:23
0 ой-пикир

2020-жылдагы Токио Олимпиадасына лицензия берген күрөш боюнча турнир Кыргызстанда өтөт. Мындай чечимди Бириккен күрөш дүйнөсүнүн аткаруу кеңеши кабыл алды.

Мелдеш 27-29-март күндөрү Кытайдын Сиань шаарында болушу керек эле, бирок  коронавируска байланыштуу Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) беттешти башка жакта уюштуруу чечимин кабыл алган.

Ошондон кийин эл аралык спорттук уюм бир катар Азия мамлекеттерине, анын ичинде Кыргызстанга турнирди өткөрүүгө сунуш киргизген.

«Кыргыз өкмөтү менен КРдин Күрөш федерациясы мындай маанилүү иш-чараны өз өлкөсүндө өткөрүүгө макулдук бергенине кубанып турабыз», — деген Эл аралык күрөш федерациясынын президенти Ненад Лалович.

Бул чечимге ылайык, мелдештер эми 27-29-мартта Бишкек шаарында өтмөкчү.

Федерациянын аткаруу комитетинин чечими боюнча кытайлык спортчулар алгач Белград шаарына (Сербия) учуп, инкубациялык мөөнөттүн алкагында эки апта болушат. Ал жакта балбандарга машыгуу үчүн атайын база беришет. Алар 14 күндөн кийин гана Бишкекке келет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.