Өзү берген антын бузган адамдардын тагдыры кандай болгонун баарыңар билесиңер, — президент Жээнбеков

Окуялар тизмеги 20 Фев 2020 11:57
0 ой-пикир

Бүгүн Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант берди. Өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүүсү президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өттү.

Өлкө башчысы депутаттардын жана өкмөттүн алдында сүйлөп жатып мамлекеттик кызматка киришип жатып эл алдында ант бергендерди жоопкерчилигин унутпоого чакырды.

«Анттын өзгөчө мааниси бар. Бул абдан бийик нерсе. Антты жөн эле трибунага чыгып, кагаздан окуп коюш эмес. Ант берген адам биринчи кезекте элдин, мыйзамдын, абийирдин алдында жоопкерчиликти алат. Антыңарды дайыма бекем сактагыла, көкүрөгүңөрдө бекем кармагыла. Өзү берген антын бузган адамдардын тагдыры кандай болгонун баарыңар билесиңер!, — деди президент.

Бирок Жээнбеков кимдер тууралуу айтып жатканын так атаган жок.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.