УКМК: «Ошэлектронун» кызматкерлери пара менен кармалды

Окуялар тизмеги 20 Фев 2020 15:03
0 ой-пикир

«Ошэлектро» ААК кызматкерлери пара алуу учурунда кармалды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 19-февралында  Ноокат райондук электр станциясынын жооптуу кызматкери С.М. жана «Ошэлектро» ААК текшерүү жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору П.А. 50 миң сом пара алып жаткан учурунда кармалды.

Такталгандай, аталган кызматкерлер Ноокат районунун жашоочусун электр энергиясын уурдоого айыптап, андан 283 миң сом өлчөмүндө пара талап кылышкан.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 238-беренесинин 1-б. (кызматчынын мыйзамсыз сыйакы алуусу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Тергөө жүрүп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.