Бүгүн, 20-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында катышып жатат.
Парламентте өлкө башчысы сүйлөгөн сөзүндө соттук реформага токтолду.
«Бизде саясий эрк бар. 2019-жылы көптөгөн каршылыктарга карабай соттук-укуктук реформаны мына баштадык. Каражаттарды Соттук системага 38%га көп бөлдүк. Санариптештирүү эң алдыңкы технологиялар менен болуп жатат», — деди Жээнбеков.
Бирок, соттук реформаларды толук кандуу ишке ашырууга 2 жылдык мөөнөт жетиштүү эмес экендигин белгиледи.
«Сотторго ар кандай жыйында айтып жатам. «Биринчи адамдык абийириңерди, ички ыйманыңырды козгогула» деп. Ошондо гана соттук реформа ийгиликке жетет», — дейт президент.
Ошондой эле ал соттук системаны өзгөртүү үчүн эрк жана каражат бар экендигин дагы бир жолу эскертти.