Сооронбай Жээнбеков парламенттин жыйынында сөз сүйлөйт

Окуялар тизмеги 20 Фев 2020 09:07
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына катышат. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Парламенттин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрү ант беришет.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Конституциялык Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүүсү Өлкөнүн Президентинин катышуусу менен өтөт.

Парламенттин жыйынында Президент Сооронбай Жээнбековдун сөз сүйлөшү күтүлүүдө, ал өлкөнү өнүктүрүү жана коомдогу ынтымакты бекемдөө боюнча актуалдуу маселелерге токтолот.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, өлкөнүн Президенти Жогорку Кеңештин жыйындарына чыгып сүйлөөгө укуктуу.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.