Ширин Айтматова: Бийлик атамдын сөөгүн Ата-Бейиттен казып чыгып, таштандыга салса таң калбаймын

Окуялар тизмеги 20 Фев 2020 16:08
0 ой-пикир

Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи мамлекеттик каражаттан ажырады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова өзүнүн Twitter-баракчасына жазып чыкты.

Бул жөнүндө өз пикирин улуу жазуучунун кызы, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ширин Айтматова социалдык тармакка калтырган. Ал мамлекеттин кадамын өзүнүн оппозициялык ишмердүүлүгү менен байланыштырган.  

«Эгер бийлик Айтматовдун сөөгүн Ата-Бейиттен кайра казып чыгып, таштандыга ыргытып салса деле таң калбаймын. Анткени аларга Айтматовдун кызынын чындыкты айтып жатканы жакпайт. Эгер бул алардын деңгээли болсо, анда колуна күрөк ала беришсин», — деп билдирет Айтматова.

Азырынча расмий булактар Чыңгыз Айтматовдун үй-музейин мамлекеттик колдоодон ажыратканы жөнүндө комментарий бере элек.

Эске салсак, Ширин Айтматова “Үмүт-2020” элдик кыймылынын лидери болот. Аталган кыймылдын мүчолөрүнө бийлик тарабынан куугунтук уюштурулуп жатканын ал байма-бай айтып келет. Анын үстүнө жолдошу Сыргак Кенжебаевди 20-декабрда Алмата шаарынын аба майданынан кармап кетишкен. ИИМ жана УКМКнын маалыматы боюнча ал эки кылмыш иши боюнча айыпталып жатат. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен Сыргак Кенжебаев убактылуу кармоочу жайга 20-апрелге чейин киргизилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.