Коронавирус: «Diamond Princess» лайнеринин эки жүргүнчүсү илдеттен каза тапты

Окуялар тизмеги 20 Фев 2020 12:16
0 ой-пикир

Япониядагы «Diamond Princess» лайнеринин эки жүргүнчүсү коронавирустан каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн коомдук телеканалынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каза болгон бир эркек жана бир аял киши болжол менен 80 жашта болгон. Учурда алардын улуту, качан жана кантип ооруканага жеткирилгени айтыла элек.

Эскерте кетсек, шаршемби күнү лайнерден алгачкы жүргүнчүлөр түшө башташкан. Алар эки жумалык карантинде болуп, илдеттин белгилери байкалбагандар кемеден чыгышкан.

Шаршемби күнү кемени 443 жүргүнчү таштап кеткен.

Япониянын Иокогама шаарындагы портто турган «Diamond Princes» лайнеринде 621 адам коронавирусту жуктуруп алган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.