Өкмөттүн жаңыдан дайындалган үч мүчөсү Жогорку Кеңеште ант беришти. Алар — вице-премьер-министр болуп дайындалган Эркин Асрандиев, өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров жана вице-премьер-министр Акрам Мадумаров.
Белгилей кетсек, өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүүсү президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өттү.