Жогорку Кеңеш Жогорку соттун судьясы Нургүл Сатыбалдиеваны иштен бошотууга макулдугун берди. Бул маселе парламенттин 19-февралдагы жалпы жыйынынын күн тартибине киргизилип, 100 депутаттын 78и аны бошотууга макул болушту.
Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев Сатыбалдиева өз каалоосу менен арыз жазганын, ал арыз Соттор кеңешинде жактырылганын билдирди.
Мамлекет башчысынын сунушунда «Жогорку соттун судьясынын ыйгарым укуктарын жеке каалоосу боюнча кат жүзүндө берген арызына ылайык мөөнөтүнөн мурда токтотууну сунуш кылам» деп айтылат.
Сатыбалдиева 66 жашта. Жогорку сотко чейин ал Бишкек шаардык сотунда иштеген