Анонс! Elgezit.kg маалыматтык-аналитикалык порталы тегерек стол өткөрөт

Окуялар тизмеги 19 Фев 2020 12:29
0 ой-пикир

21-февралда Бишкекте Elgezit.kg маалыматтык-аналитикалык порталы “Дүйнөлүк тарых жана кыргыз саясатчылары. Тарыхтан алынбаган сабактар” деген темада тегерек стол уюштурууда. Иш-чарага окумуштуулар, серепчилер жана белгилүү саясатчылар чакырылган.

Биздин басылманын демилгеси менен өтө турган тегерек столдо саясат жүргүзүүдө тарых саясатчыларга кандай таасир этери, алар дүйнөлүк тарыхтагы тажрыйбаларды эске алабы, алар кандайдыр бир иштерди жасоодо тандоону кантип жасары ж.б. тууралуу тема талкууланат.

Elgezit.kg маалыматтык-аналитикалык порталы ушул сыяктуу маанилүү иш-чараларды байма-бай өткөрүүнү пландаштырууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.