«Акнет» иши: Кубан Ажимудиновдун бошотулушун талап кылган митинг өттү

Окуялар тизмеги 19 Фев 2020 15:03
0 ой-пикир

Бүгүн, 19-февралда «Акнет» ишканасынын башчысы абактагы Кубан Ажимудиновдун тарапташтары Ак үйдүн алдына митингке чыгышты. Алар күч органдарын мыйзамсыз куугунтук үчүн айыптап, компания рейдердик басып алууга кабылганын билдиришти.

20 чакты адам парламент имаратынын жанына чогулуп, колуна Ажимудиновду бошотууну талап кылган жазууларды кармап турушту.

Акциянын катышуучусу Кубан Ажимудиновдун бир тууган эжеси Гулнара Ажимудинова, инисинин 20 жылдан бери кант диабети менен ооруганын, учурда ден-соолугу оорлошуп жатканын белгиледи. Жүрөк-кан тамыр оорулары да күчөп, анын өмүрүнө коркунуч жаралгандыгын кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбековдун экономикага байланыштуу кылмыш иштери үчүн сөзсүз эле камап койбош керек деген сөздөрүн эске салды. Мамлекет башчы экономикага байланыштуу кылмыш иштери үчүн сөзсүз эле камап койбой экономикалык механизмдерди колдонуп, чыгымдарды калыбына келтирүү менен жоопкерчиликке тартуу жолдорун колдонуу зарылдыгын Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйында айткан эле.

Андыктан, Гулнара Ажимудинова өлкө башчысынын айткандарына терең ишенерин, 62-жаштагы инисинин ишин жеке көзөмөлүнө алышын Сооронбай Жээнбековдон суранды.

Эскерте кетсек, Кубан Ажимудиновго козголгон кылмыш иши тергелип, Бишкектин Биринчи май райондук сотуна 2019-жылдын декабрь айында өткөн.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) 150 млн. сом салыкты төлөөдөн качуу фактысы аныкталганын кабарлаган.

Ишти Ички иштер министрлиги (ИИМ) иликтеп чыгып, жыйынтыгында «Акнеттин» жетекчиси андан тышкары 616 млн. 816 миң сом салыктан качканы боюнча кошумча факты аныкталганын жарыялаган.

ИИМдин маалыматына караганда, «Акнет» ишканасына каршы арыздын ээси, акционерлердин бири компания анын үлүшүн азайтып, дивиденд төлөөдөн баш тартканын, мамлекетке салык жана социалдык төлөмдөрдү аз төлөп жатканын айтып, милицияга кайрылган.

Ал эми Гулнара Ажимудинова айтымында инисинин ишканадагы үлүшүн толук бойдон сатууга мажбурлаш үчүн тергөө абагында мыйзамсыз кармап жатышат.

«Акнет» компаниясынын негиздөөчүлөрү катары Кубан Ажимудинов, Аскар Кутанов жана Руслан Абдумажитов деген жарандар катталган. Буга чейин аткаруучу директор болуп келген Абдумажитов менен президент Ажимудиновдун ортосунда үлүш ээлиги жана кирешени бөлүү боюнча келишпестик бар экени ачыкка чыккан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.