«Садыр Жапаровго боштондук» кыймылы штабына тыңшоо аппараты коюлгандыгы тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, тыңшоочу аппаратка окшош түзүлүштү кечээ, 17-февраль күнү кечинде штабдын мүчөлөрү таап алышып, милицияга кабарлашкан.
Окуя болгон жерге Бишкектин Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери келип, тыңшоочу аппарат экенин ырасташкан.
Штаб мүчөлөрү тыңшоочу жабдыктарды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет орноткон болуу керек деп шек санашууда. Азырынча бул боюнча УКМК комментарий бере элек.